Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:52

ИРАККА БАЙЛАНЫШТУУ КЫРДААЛГА КАРАТА КЫРГЫЗ КООМЧУЛУГУНУН КӨЗ КАРАШЫ КАНДАЙ?


Бакыт Аманбаев, Бишкек Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жорж Буш дүйшөмбү күнү «Саддам Хусейн 48 сааттын ичинде Ирактан өз ыктыяры менен чыгып кетпесе, бул өлкөгө каршы согуш башталаарын» жарыя кылды. Жорж Буштун мындай кайрылуусуна жана Иракка каршы согушка карата кыргызстандык саясатчылардын пикирлери кандай?

АКШнын мамлекет башчысынын кескин маанайдагы бул билдирүүсү дүйнө коомчулугун, анын ичинде кыргыз элин кайдыгер калтырган жок. Биз менен маектешкен кыргызстандык жарандардын баары тең «дүйнө коомчулугун түйшөлткөн Ирак кризиси жетээр чегине жетти, АКШнын Иракка согуш ачаары айкын болуп калды» деген сыяктуу пикирлерин айтышты.

- Менин оюмча Саддам Хусейн Жорж Буштун мындай ультиматумун аткарбайт, - дейт Мыйзам чыгаруу жыйынынын мамлекеттик коопсуздук комитетинин башчысы, генерал-майор Исмаил Исаков. - Ошондой эле АКШнын мамлекет башчысы да өз сөзүнөн кайтпайт. Эгерде ал өз сөзүнөн баш тартса, анда анын дүйнөдөгү кадыр-баркы төмөндөйт. Ошондуктан согуш бүгүн-эртең башталышы ыктымал.

Биз менен маектешкен саясатчылар Иракка каршы согуштун башталаарынан күмөн санашпай тургандыгын айтышып, мындай согуштун дүйнө элине, анын ичинде Кыргызстанга тийгизе турган таасири тууралуу өз ойлорун ортого салышты. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Акылбек Жапаров өз оюн мындайча билдирди:

- Америкалыктар «согушта жаңы бомбаларды жана жаңы согуштук ыкмаларды колдонобуз» деп жатышат. Эгерде бир нече күчтүү бомба бир учурда жарылса, жердин катмары жылышып кетиши ыктымал. Ушуга байланыштуу мени «Кумтөр» ишканасы тынчсыздандырууда. Анткени анда бардык цианид сыяктуу уулуу заттарды чуңкур жерге топтоп, өтө бекем тосушкан эмес. Ошондуктан Ыссыккөлгө коркунуч туулушу мүмкүн. Мындан тышкары абанын агымы менен ар кандай уулуу, химиялык заттар келиши ыктымал.

Акылбек Жапаровдун мындай пикирине анын кесиптеши Орозбек Дүйшеев буларды кошумчалады:

- Жорж Буштун айткан сөзүн жана АКШнын аракетин түздөн-түз агрессия деп эсептейм. Ал дүйнө жүзүнө үстөмдүк жасоого аракет кылууда. Буга чейин АКШнын колдонулбаган эбегейсиз көп согуштук курал-жарагы бар эле. Ал ошол куралдарды Иракка каршы пайдаланып, кеткен чыгымдын ордун Ирактагы карамайдын корун ээлеп алуу аркылуу ашыгы менен толтурууну көздөп жатат.

О. Дүйшеевдин пикиринде АКШ баш болгон өлкөлөрдүн Кыргызстанда жайгашкан аскердик базасы да Иракка каршы согушка пайдаланылышы ыктымал.

- «Манас» аба майданында бомба таштай турган учактар бар. Алар бекер эле жата бербейт. Алардын кайсыл жакка учуп атканын ирактыктар билет. Ошондуктан согуш башталып кетсе Ирактын аскер күчтөрү Кыргызстанга да ок атышы ыктымал, - дейт депутат О. Дүйшеев.

Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынынын эл аралык байланыштар боюнча комитетинин башчысы Алишер Абдымомуновдун көз карашында Иракта болуучу согуш Кыргызстанга аскердик жактан коркунуч туудурбайт.

- Ирактын согуштук мүмкүнчүлүгүн эске алып, алардын аткан огу Кыргызстанга жетет дегенге мен ишенбейм, - дейт Алишер Абдымомунов. - Кыргызстандын аймагындагы эл аралык күчтөр Иракка каршы согушка катышпайт. Анткени биздин мамлекет менен түзүлгөн эл аралык келишимде бул аскердик күчтөр Ооганстандагы эл аралык терроризмге гана каршы күрөшүүгө пайдаланылаары айтылган.

Ал эми Ирак маселесине карата Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов мындан бир нече күн илгери маалымат жыйынын өткөрүп, өз көз карашын билдирген.

- «Ганси» аскердик базасы Ооганстандагы терроризмге каршы операцияларды аткаруу максатында жана ал өлкөгө гуманитардык жардам жеткирүү максатында гана пайдаланылат. Кыргызстан мурдагыдай эле Ирак маселесин сүйлөшүү жолу менен чечүүнү колдойт, - деген эле тышкы иштер министри Аскар Айтматов.

XS
SM
MD
LG