Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:49

Европа Биримдиги Иракка гуманитардык жардам көрсөтүүгө даярданууда


Европа Биримдиги 20-мартта шашылыш жыйын өткөрүп, Ирак маселесин талкуулоого киришти. Европа парламентинин төрагасы Пэт Кокстун айтымында, согуштун айынан Иракта гуманитардык алаамат башталышы мүмкүн: "Согуш башталды жана биз өтө опурталдуу абалга кептелдик. Биздин үйдө отуруп ойлоп чыгарганыбыз эми Ирактын эч жазыксыз жарандарына зыян тийгизиши мүмкүн. Алардын абалы согушка чейин деле абдан начар болчу". Европа комиссиясынын гуманитардык жардамдар боюнча башчысы Пол Нильсендин айтымында, Биримдик жакын арада Иракка гуманитардык жардам көрсөтө баштайт. Европа Комиссиясы биринчи жардам катары 100 миллион евро каражат чогулта баштады.

XS
SM
MD
LG