Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:41

АКСЫ КАРГАШАСЫНЫН ЖЫЛДЫГЫ, КОНСТИТУЦИЯ РЕФОРМАСЫ, ИЛГЕРИ ҮМҮТ


Бейшемби күнкү кыргыз басылмаларында Аксы алааматынын жылдыгы, конституциялык реформа, президенттин кайрылууларын комментарийге алган материалдар арбын.

Аксы трагедиясынан бери бир жыл өттү. “Республика” гезитинин бейшемби күнкү санында Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун «Милиционерлер молдо куран окуп жатканда тизе бүгүп чөгөлөп коюшса болмок” деген маегин жарыялады. Адахан Мадумаровдун айтымында, Аксы каргашасы тартылган видеокассетаны Бишкекке жеткирген, аны ишенимдүү колго тапшырган азаматтар болбогондо чындыктын ачыкка чыгышы кыйла кыйынга турмак.

Журналист Калил Жамгырчиев ““Кайыңды Кантты» ким банкрот кылды?» деген макаласында мыкты иштеп аткан мамлекеттик ишкана 1999-жылы жоопкерчилиги чектелүү «Перидот Анштальт” жана “Тамеки изилдөө институту” коомдорунун менчигине өткөндөн кийин кантип банкрот болгонун иликтөөгө алган. “Кайыңдынын” жең ичинен сатылышы Чүй, Талас элинин шору болду», деп жазат автор.

“Моя столица” гезитинин бейшемби күнкү санында Вячеслав Тимирбаевдин «Кол жеткис максат, аткарылбас милдеттер” деген макаласы жарыяланды. 1998-жылы президент парламентке, элге кайрылуусунда калктын реалдуу кирешеси мындан ары 10% өсүп тураарын билдирген. Кагазда айтылган изги тилек чынга чыкпай, жылына эмес, 3 жылда да Кыргызстанда калктын реалдуу кирешеси 10% жогорулаган жок. “Кезектеги кайрылуу Конституциянын жаңы редакциясы сындуу эле өлкөнүн экономикасы менен кыргызстандыктардын турмушун жакшыртып ийиши күмөндүү,- деп жазат автор.- Кайрылуу менен кабат-кабат айтылган изги тилектерден турмуш оңолуп кетпестигин көрүп эле жүрбөйбүзбү.” Ирактагы уруш Борбордук Азиянын табиятына залалын тийгизээри профессор Казимир Каримовдун макаласында козголгон. Илимпоздун ырастоосу боюнча, Иракка ташталган жаңы бомба, ракеталардын жарылуусунан абага уулуу заттар таралып, ал шамал аркылуу Борбордук Азияга чейин жетет.

Кыргызстандын Комплекстүү өнүгүү программасында конкреттүү иштер белгиленбей, анын ордуна аткарылышы арсар илгери үмүт-тилек арбын экенин Алманбет Матубраимов “Максат ачык болсун” деген макаласында талдоого алат. Республиканын экономикасында олуттуу жылыштардын болбой жатышын Алманбет Матубраимов менчиктештирүүнүн туура эмес жүргүзүлгөнүнө, айыл чарбасынын тез ирдене албай атышына, коррупциянын жайылып кетишине, кадр жана салык жыйноо саясатындагы алешемдиктерге байланыштуу түшүндүрөт. “Президент бийликтеги биринчи мөөнөтүн экинчисине шайланыш, экинчисин болсо тарыхта атын калтырыш үчүн пайдаланат”, деп белгилейт автор. Анын ою боюнча, президент ойлогонун кантип ишке ашыруунун жолун билбейт.

Конституциялык реформа республика турмушуна олуттуу өзгөрүүлөрдү алып келээри бейшембидеги “Слово Кыргызстана” гезитинде Л.Владимированын макаласында ырасталат. Геннадий Жалкубаевдин “Мамлекетти баарылап башкаралы” деген макаласында жарандык коомдун арымы арбыган сайын көпчүлүктүн өлкөнү башкаруу ишине катышуусу күчөй тургандыгы айтылат.

Жаңыдан түтүн булаткан үй-орозгерлердин арасында ажырашуу арбын экендиги Гүлнур Келдибаеванын бейшемби күнкү «Фергана» гезитинде жарыяланган макаласында баяндалган. Басылмада аялдар арасында оор кылмыш жасагандар арбып баратканы тууралуу макалага да орун берилген.
XS
SM
MD
LG