Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:42

НООРУЗ МАЙРАМЫ


«Айдан- аман, жылдан - эсен чыгалы» адабий- музыкалык композицияcы

«Айдан - аман, жылдан - эсен чыгалы» адабий-музыкалык композиция «Өмүр жазыбыз узак, жашообуз болсун көктөмдөй» ыры менен ачылат.

Алас, алас, алас ар балээден калас!

Жыл тогошуп, жерге, сууга, чөптөргө,
Жымыңдаша каректерге чөккөндө,
Жылдыз конгон Алатоонун койнуна
Санжыргалуу Нооруз келди көктөмдө.

Жаңы күндү Теңир берди,
Көңүлүң улустуу, өмүрүң ырыстуу болсун!
Шаттык күлкү жаңырып,
Шаң жаңырсын көктөмдө.

Чертсең чертчи комузчу,
Элжиресин эт жүрөк

Ынтымак орноп ар үйгө
Ак таңдай болсун пейлибиз.
Ак тилектер айтылып,
Арзанчылык мол болсун!

Кыргыздарда Нооруздун тилеги ак дейт. Кыргыз-түрк «Манас» университетинин профессору Кадыраалы Конкобаевдин каалоосу:

- Нооруз майрамында калайык-калкты, түптүү кыргыз журтун жанданган, жашарган Жаңы жылы менен чын дилимден куттуктаймын. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жылында, кыргызды дүйнөгө таанып жаткан жылда, кыргыздарды ынтымакка, тарыхтагы чоң изибизди тааныганга чакырамын. Ар бир кыргыз жигит- кызы, аксакалы- байбичеси, келини, аялы - ар ким мамлекетибизди, элибизди бейкутчулукка, бактыга жеткириш үчүн аракет кылышты бир кудайдан тилеймин.

Таңшы кыргыз кыягы,
Эргисин кыргыз кыялы

Жаңы жыл, жалга!
Баба дыйкан, колдо!

Орообуз данга толсун!

Алас, алас, алас
Көгөөн толо козу,
Желе толо кулун,
Мингениңер жорго,
Ичкениңер бал кымыз,
Назарлуу уулдардын,
Ажарлуу кыздардын
Ырдагандары «Бекбекей» болсун!
Баштарына бакыт консун!

Кеп менен ырдын кезеги ырчы Дилшат Кангелдиевада: «Ардактуу калдайган калкым! Куттуу Нооруз майрамыңыздар менен! Күн менен түн теңелип, күлө келген улуу күндө элимди Кудай Таалам айыкпас балээден, жок жалаадан сакташын, ата бабаларыбыздын арбактары колдоп, иштерин оңдоп, ыймандуу, ырыс-кешиктүү, ынтымактуу, токчулуктун мол болушун каалайм!»

Кезек эл артисти Дүйшөн Байдѳбѳтовдо:
«Столдо отурганы берекелүү
Сүйлөсө адаты бар колун жазаар.
Өзүнчө бир маселе чечкен эмес.
Үмүткө арзыбаган курак мазар.
Ал үчүн ошол орун жыргализим,
Анткени баарын чечет орун базар».

Көрүнүктүү акын, республика маданиятына эмгек сиңирген ишмер Эрнис Турсунов: «Урматтуу кыргызстандык агайын-туугандар! Сиздердин быйылкы 2003-жылдын Нооруз майрамы менен чын ыкластан куттуктаймын. Бул жыл Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200-жылдыгына дал келип отурат. Ошондуктан тарыхый жактан да мааниси бар. Быйылкы жыл - кой жылы. Сиздерди ошол койдун коргошун сүтүндөй майлуу, берекелүү, сүттүү жылдан болушун каалаймын. Нооруз эгинчиликтин, дыйканчылыктын жаздын майрамы болгондуктан жансыздарга жан сала келген жазга карата үч-төрт сабак ыр таштап койойун.

Ак көйнөкчөн жаз мына,
Ак гүл ачты астыма.
Жаз эмгекке жетелеп,
Жаш көңүлдү азгыра.

Көк көйнөкчөн жаз мына
Көк гүл ачып астыма,
Көпөлөгү көкөлөйт
Көңүлдөрдү шаттана.

Биз эңсеген жаз мына,
Бий бийлеген биз мына
Эркелесин жаз,
Эшик-төрдү ачкыла.

Жатып албай баскыла,
Жазга күлкү чачкыла,
Жан эргитет жаз
Жалбыздарым, баскыла.
Айтып турган кыз мына,
Аянт жакка чыккыла,
Жап- жашырын ыргыткан
Жаздын үнүн уккула.

Аары гүлүн аймалап,
Алатоону саймалап,
Жаз түбөлүк жашасын,
Жамгыр ырын кайталап.

Жабык турган көшөгөсүн ачты жаз,
Жашыл баркут, көк мончогун чачты жаз,
Таң шыбырап көлгө конду өрдөк, каз.
Табигаттын баары сулуу, баары жаш.
Добуш салып бапылдады добулбас.
Досум жаздын мукамына калып кал.

Бүчүр асты Түштүгүмдүн анары,
Бүлкүлдөтүп шире сорду бал аары,
Ал тарапта аруу жаздын кабары.
Бараандалат бак-дарактын карааны.
Жамгыр жүктөп көчүп барат булуттар.
Жан курдашым жазда ушуну угуп кал.


Байыртан кыргыздар «балам, бакытым, мазарым» деп келишет.
Кезек Бишкектеги Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектептин окуучусу, кыл кыякчы Айнура Бердигуловада: «Ардактуу аталар, апалар! Жерибизге ак тилегин жар сала, бак-таалайды ала келген Нооруз майрамыңыздар менен! Сиздердин айдан аман, жылдан эсен болушуңуздарды каалайм. Сиздер болсоңуздар биз болобуз. Бар болуңуздар!»

Мезгилдин гүлү - жаз убакты, өмүрдүн гүлү - жаш куракты эске салчу баарда баары жашарат:

Таппай такыр махабаттын айласын,
Сагындым мен жолукчу күн кайдасың,

Эстей берип жүрөгүмдү сагынттың.
Издей берип бүт денемди талыттың.
Кадимкидей кучак жайчы жадырап,
Качан болсо сен үчүн жарыкмын.

«Туулган жердин турпагы алтын», обончу Арзыбек Бедияровдун «Кутман жерим» аттуу ырын Кутман Жолдошев гүлдесте катары сунат.

Келди Нооруз, элди кыдыр даарысын, Жер Эне кыргыздарга береке-байлыкты, башты, жайнаган малды, элине узак жашты берсин!

Алып баргандар: Азиза Турдуева, Балбай Алагушов.
XS
SM
MD
LG