Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:41

Нарындык коммунисттер согушту айыпташты


Нарындык коммунисттердин жана Ишенбай Кадырбековду коргоо комитетинин мүчөлөрүнүн билдирүүсүндө, Американын Иракка кол салуусу айыпталып, нарындыктар бул согуштун тезинен токтотушун талап кылаары айтылган. Билдирүү ээлери ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы согуш экологиялык жана гуманитардык кырсыктарды жаратаарын, ракеталык оор куралдарды үзгүлтүксүз колдонуу тынч элдин кырылышына алып келээрин баса белгилешкен. Ирак лидери Саддам Хусейндин химиялык курал колдоном деген коркутуусун коммунистер өз кезегинде чоң кылмыш деп эсептешүүдө.

XS
SM
MD
LG