Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:56

Коалициялык аскерлер уруш салып, улам илгерилеп баратат


Алар Багдадга 160 чакырымдай чукулдап барып калышты. Эвфрат дарыясынан өтүп, Насирия шаарын алышты, деп билдирди Пентагондогу пресс-конференцияда куралдуу күчтөрдүн штаб башчылар комитетинин өкүлү генерал Стэнли Маккристал. Анын малыматтары боюнча, бүткүл Ирак боюнча мөлчөрлүү буталарга өткөн түнү миңден ашык бомба ташталды. Америкалык жана британдык согуш кемелеринен 400дөй ракета атылды. Буга кошумча согуш самолеттору 100гө чукул рейддерди жасады. Түштүктө Умм-Каср толугу менен коалициянын колуна өттү. Ал эми Басра курчоого алынды.

XS
SM
MD
LG