Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:12

Нарын облусундагы кар тосмодо калгандар куткарылды


БИШКЕК. Нарын өрөөнүндөгү Караталжапырык ашуусундагы кар көчкүгө тосулуп калган Соңкөл жолу али ачыла элек. Көчкүнүн аркы бетинде калган 20 чакты адамдын баары тик учактын жардамы менен аман-эсен куткарылды. Ал эми автоунаалар жол ачылганга чейин орундарында калды. Азыр жолду ачуу иштери уланууда. Бул тууралуу маалымат жекшембиде Экология жана чукул кырдаалдар министрлигинин күзөт бөлүмүнөн алынды.
«Азаттыктан» мурда кабарлангандай, мындан эки күн мурун Караталжапырык ашуусунан 21 миң куб метр көлөмүндөгү көчкү жүрүп, Соңкөл багытындагы жолду тосуп салган. Бул кырсык учурунда үшүккө кабылган үч айдоочу дароо ооруканага жеткирилген. Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин күзөт бөлүмүнүн кабарлаганына караганда, кар тосмонун артында калган адамдардын акыркылары ишембиде куткарылды.

XS
SM
MD
LG