Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:38

Дүйнө өлкөлөрүндө согушка каршы демонстранциялар улантылды


Австралиянын Сидней шаарында көчөгө чыккан 30-50 миңдей адам аскерий операцияларга катышып жаткан эки миңдей австралиялык жоокер мекенине кайтып келишин талап кылды. Пакистандын Лахор шаарындагы демонстрацияга да 50 миңдей, Египетте 10 миңден ашуун адам чыкты. Ал эми дүйнөнүн эң ири мусулман өлкөсү – Индонезияда бир нече жүз демонстранттар АКШнын Жакартадагы элчилигинин алдында Американын желегин өрттөдү. Ал эми Ооганстандагы антисогуштук алгачкы демонстрация өлкөнүн чыгышындагы Лагман провинциясында өтүп, ага 1000дей адам катышты. Бахрейнде АКШ элчилигин көздөй келе жаткан демонстранттарды токтотуу үчүн полиция желим окторду, көздөн жаш агызчу газ колдонду.

XS
SM
MD
LG