Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:26

НАТОго дагы жети өлкө кошулат


Борбордук жана Чыгыш Европалык жети өлкө: Эстония, Латвия, Литва, Болгария, Румыния, Словакия жана Словения 26-мартта НАТОго өтүү жөнүндөгү келишимге кол коюшат. Бирок келишим адегенде НАТОнун учурдагы 19 мүчөсү жана уюмга жаңы кошулчу өлкөлөрдүн парламенти тарабынан бекитилиш керек. Жети өлкө НАТОго ырасмий түрдө альянстын 2004 - жылкы атайын сессиясында кабыл алынат.
НАТОнун Баш катчысы Жорж Робертсон дүйшөмбү күнү Эстонияда сапарда жүрүп жасаган билдирүүсүндө “Ирак кризиси альянстын кеңейүүсүнө таасир этпейт” деди.

XS
SM
MD
LG