Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:52

Азияда жана Европада Ирак согушуна каршы он миңдеген киши демонстрацияга чыкты


Сириянын баш калаасы Дамаскиде алар согушту дароо токтотууну талап кылышты жана АКШнын президенти менен катар, аны колдогон Египет, Иордан, Катар жана Кувейт мамлекеттеринин жетекчилерин сынга алышты.
Бангладеште согушка каршы акцияларга 60 миңдей киши келди. Ооганстандын чыгышындагы Нангархар провинциясында 500 чакты студент нааразылык акциясын өткөрдү.
Грекияда жүздөгөн демонстрант Афины шаарынын борборунда көз карандысыздык күнүндө уюштурулган аскердик парадды үзгүлтүккө учуратты. Полиция өтүп бараткан аскерлерге бойок чачууга аракеттенген бир кишини кармап кетти.


Кечки жаңылыктарды даярдаган - Жаңыл Жусупжан, Прага

XS
SM
MD
LG