Бекет согушта талкаланып, Басра таза суусуз калган эле, эл аралык уюмдар тез арада чара көрүлбөсө, шаарда холеранын эпидемиясы чыгып кетиши мүмкүн экендигин эскертип жатышат.
Ирактын гуманитардык көйгөйлөрүн талкуулоо үчүн Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан бүгүн АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешчиси Кондолиза Райс менен жолугушууда.
Ирак калкынын 60 пайызын азык-түлүк менен камсыз кылган БУУнун мунайды азык-түлүккө алмашуу программасы өткөн жумада согуш башталганда токтотулду.
Эл аралык соопчулук уюмдары Басрада 1 миллиондой киши, анын ичинде 100 миң чакты жаш бала ачарчылык коркунучунда калгандыгын эскертишти.