Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:59

ТУРАРБЕК САРКУЛОВ: «ИШ ҮСТҮНДӨ КАЗА БОЛГОНДОР КӨБӨЙДҮ»


Өндүрүш ишканаларында, тоо кендерин казып алууда эмгек коопсуздугунун так сакталбашынан соңку мезгилде кырсыктар көбөйүп, анын натыйжасында адам өмүрү кыйылган фактылар болууда. Кыргыз Республикасынын экология жана чукул кырдаалдар министрлигине караштуу Өнөр жай коопсуздугу жана тоо-кен иштерине көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекциянын деректири Турарбек Саркулов Кумтөрдө, Бишкек ТЭЦинде жана көмүр шахталарында болгон кырсыктардын себептери тууралуу айтат.

- Турарбек Саркулович, сиз жетектеген мекеменин негизги милдети - өндүрүштөгү эмгек коопсуздугун сактоо. Бирок, соңку учурда кырсыктар көп болуп жаткансыйт. Алардын себептери аныкталып жатабы?

- Азыр орто жана чакан ишканалар көп ачылууда. Бирок алардын көбү биздин инспекциядан каттоодон өтпөйт. Ошондон улам эмгек коопсуздугуна көңүл бурулбай, кырсыктар да көп катталууда. Ишканалардын жабылганын айтпаганда да, көптөгөн адамдар каза табышууда. Эмгек коопсуздугун сактоого кайдыгер мамиле экономикага да олуттуу зыян алып келет. Алсак, 2002-жылы материалдык чыгым 850-900 миллион сомду түздү. Ушундан улам ишкерлер эмгек коопсуздугун сактоого ат үстүнөн мамиле жасашпаса.

- 2002-жылдын 1-мартында Бишкек ТЭЦинде өрт чыгып, анын кесепетинен 3 жумушчу күйүп, алардын экөө - Андрей Дедера жана Максим Синюгин каза болуп калышты. Үчүнчүсүнүн да абалы оор. Сиз жетектеген мекеме өрт эмне себептен чыкканын изилдеп чыккан экен, эмгек коопсуздугу сакталыптырбы?

- Бул авариянын себеби аныкталды. Көмүр майдалоочу тегирменден чаң чыга баштаган. Эгер бул чаңды токтотпосо, анын кесепетинен катуу жарылуу чыкмак. Анын алдын алуу максатында жыртыкты жамайбыз деп ширетүү иштерин башташкан. Бирок, ал ишти баштоодон мурда тегирмендеги чаңды буу менен тазалап чыгыш керек эле. Бирок, чаңды тазалабай туруп ширетүү ишин башташкан. Ушинтип, эмгек коопсуздугу сакталбай, жарылуу болгон. Көмүрдүн чаңы жарылуучу заттардын бир түрүнө кирет.

- Көмүрдүн чаңын тазалабай туруп, ширетүү иштерин баштап, кырсыктын алдын албаганга ким айыптуу? Алар жазасын алыштыбы?

- Айыптуулар - эмгек коопсуздугун сактабай туруп ремонтту баштоого көрсөтмө бергендер. Биздин инспекция мурда эле тегирмендин жыртыгын жамагыла деп нечен ирет эскертүү бергенбиз. Атургай, ТЭЦтин деректири, депутат Лев Васильев баштаган жооптуу кызматкерлерине 2000 сомдон акчалай айып салганбыз. Биздин эң катуу жазабыз ушул. Бирок, биздин көрсөтмөлөрдү аткарбаган тоң моюндуктун аркасы минтип кайгылуу окуяга алып келди. Албетте, бул факт боюнча кылмыш иши козголот.

- 2002-жылдын 8-июлунда Кумтөр алтын кенинде көчкү жүрүп, анын натыйжасында тоо мастеринин жардамчысы, 25 жаштагы Алмаз Жакишев тирүүлөй тоо алдында калганы белгилүү. Анын дайыны азыркыга чейин белгисиз. Сиз жетектеген мекеменин демилгеси менен түзүлгөн комиссия кырсыктын себептерин изилдеп чыгып, канадалык компания тарабынан олуттуу кемчиликтерге жол берилгенин аныктаган экен. Кырсыктын алдын алууга болор беле?

- «Кумтөр оперейтинг компани» эмгек коопсуздугуна көңүл бурууга далалаттанат, себеби, алардын колунда акчасы бар. Бирок, ак кар, көк муз арасында алтын казылып, шарты катаал. Мөңгүлөрдөгү жер кыртыштары кен казып алуунун натыйжасында кандай өзгөрөт – ошону илимий жактан тыкыр текшерип, карап турушкан эмес. Ошол жагынан кемчилик кеткен. Көчкүнүн эмне себептен жүргөнүн аныктадык – күн жылыганда кар, муздар эрип, жер катмарына кирип, бирок, түн кирип суук күчөгөндө баягы суу тоңуп, муз болуп, жаракаларды пайда кылган. Көчкү ошонун натыйжасында жүргөн. Канадалыктардын кемчилиги – кен иштерине байкоонун жыйынтыгын ар бир айда гана чыгарып, жалпы талдоо болгон эмес. Кырсыктын алдын алыш үчүн акыркы жылдар ичинде жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгын алып чечим кабыл алыш керек эле. Анан барып алтын казып алууну жана жардырууларды улантуу керекпи же жокпу – шартка жараша чечим кабыл алып туруш керек эле. Негизги кемчилик ушул.

- Бул кырсыктын себептерин изилдеп чыккан өкмөттүк комиссиянын жыйынтыгында ишке шалаакы мамиле жасаган канадалык компаниянын бир катар жооптуу кызматкерлерин иштен алуу сунушталыптыр. Ал аткарылдыбы?

- Кырсыктын алдын албаганы үчүн «Кумтөр оперейтинг компанинин» президенти кызматтан кетти. Андан тышкары тоо менеджери жана кен казууга мониторинг жүргүзүүгө жетекчилик кылган жетекчиси да кызматтан алынды. Ысыккөл облустук прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголгон, биздин пикир боюнча, мыйзам алдында бирөө-жарым бул кырсык үчүн жооп берүүгө тийиш.

- Азыр көмүрдү ачык асман алдында болобу, шахтада болобу өз алдынча казып алуу күчөдү. Ал жерлерде кырсыктар көп болуп, каза тапкандар бар. Көмүр казып алуучу ишканаларга көзөмөл кыласыздарбы?

- Көмүр шахталарын менчикке чыгарып алгандардын көбү тоо кендери боюнча тийиштүү билими жок адамдар. Алар акчанын артынан кууп, эмгек коопсуздугуна көңүл бурушпайт. Ошондон улам кырсыктар да көп катталууда. Көмүр мындан 10-15 жылдагыга караганда аз казылып жаткандыктан, ишсиз калган адамдар көмүрдү өз алдынча, жан багуунун айласы үчүн, ачыгын айтканда уурдап казышууда. Анан кайдан эмгек коопсуздугу сакталсын? Ырасмий эмес маалыматтарга караганда, жылына 15-20 адам каза табууда. Жаракат алып, майып болгондор да өтө көп.

XS
SM
MD
LG