Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:35

САУДИЯНЫН БУКАРАЛАРЫ ҮЧҮН “МАЖИЛИС” ДЕГЕН ЭМНЕ?


Исламдын ваххабизм окуусу мамлекеттик макамга ээ Сауд Арабиясында бийлик падышанын колунда. Өлкөдө калк шайлаган парламенти жок. Анткен менен, өлкө уруучулук башкаруу астында жашаган кездеги салттардын бири – мажилис бүгүнгө чейин сакталып калган.

Төрдөгү кызыл карагайдан кооздоп жасалган эшиктен чыга келген көрөсөн бойлуу адамды залда санжап кылып күтүнүп отурган 200дөй адам жабыла туруп “Ассаламу алейкум” дешип тосуп алышты. Бул киши Сауд Арабиясынын Улуттук гвардиясынын командачысы, тактынын мураскери ханзаада Аблулла бин Абдулазиз. Анын үстүндө бойолбогон жүндөн токулган узун кара чепкен, башындагы оромолун төбөгө кондурулган өрмө шакек жылдырбай кармайт. Имам куран окугандан кийин Абдулла төрдөгү булгаары орундукка жайлап отуруп, арызчыларды кези менен кабыл ала баштады. Ханзаданын жанында анын кеңешчиси Мохаммед Абдулла ас-Сувейлем менен тун уулу, ханзаада Митеб. Кеңешчинин милдети -арызчылардын документтерин даярдап, ханзаада айткан көрсөтмөнү жүгүрүк кагазга түшүрүү, иштин аткарылышын көзөмөлдөө.

Ханзада Абдулла ушинтип ар шаршемби күнкү мажилисте өлкө букараларынын өтүнүчүн угуп, аларды чечкенге көмөктөшөт.

Арызчылардын бири 9 жашар кызы Ноф ас-Субей менен кошо келген. Секелек кыздын жүрөгүнө Абдулла жардамдашып операция жасалган. Кыздын атасы бул ирет жүрөгүндө илдети бар эки уулун дарылоого жана кызынын мындан аркы дарылануусуна жардам сурап келген. Ар бир адамдын өтүнүчүн угууга ханзаада ашып барса 1 мүнөттөн убакыт бөлөт. Кабыл алуунун соңунда арызчылар өтүнүчүнүн жообун алышат.
Кезек жетпей калган арызчылар ханзаадага келерки шаршембиде жолугушат.

Дүйнөдөгү мунайга бай өлкөнүн ханзаадасы бардык эле арыздарды жайында чече албайт. Мисалы, ишкер адам эсеби ордунан чыкпай калып, банктан алган карызын төлөй албай, жардам сурап келген. Ал эми түшүнөн аян көргөн өз башка бирөө уулун өлтүргөн адамга мынапыс берүүнү өтүнүп келген. Катаал өкүм эки күндүн ичинде аткарылмак.

“Ханзаада Абдулла айыпкердин атасын чакыртып, уулуна мунапыс берилгенин айтканда, бечара эстен танып кулап калды”, - деп эскерет ас - Сувейлем.

Ханзаада Митебдин алиги айтышынча, анын атасы ар шаршемби күнкү мажилиске өтө чоң маани берет жана ал эс тарткандан бери атасы мындай кездешүүнү өткөрүп жүрөт. “Мажилис салты өлбөйт” деген үмүттө 50 жаштагы Митеб.

Саудияда ислам жөрөлгөлөрү катуу кармалгандыктан, ханзаада өткөрчү мажилиске аял кишилер бара алышпайт. Ошон үчүн, аялдар өз арыз-өтүнүчү боюнча падыша үй-бүлөсүнүн аял мүчөлөрүнө же Абдулла дайындаган социалдык кызматкер аялдарга кайрылса болот.

Букаралардын арызын угуп чечүү салты же мажилис региондо кеңири тараганы менен, Сауд Арабиясындагыдай бийликтин бир институтуна айланган эмес.

Айрым саудиялыктар мажилистин ордуна өкмөттүк департаменттер жана граждандык институттар түзүлсө оң болмок дешет. Бул пикирге өлкөнүн соода министринин мурдакы орун басары Абдурахман аз-Замил кошулбайт.

Анын айтымында, ханзаада Абдулла карапайым адамдардын арыз-муңун чечүүгө жардамдашып, башка чиновниктерди букаралардын түйшүгүнө кылдат мамиле кылууга үйрөтөт. Демейде ханзаада текшерүүгө алган документ бир жуманын ичинде чечилет. “Кокус маселе чечилбесе, бюрократтардын адеби колго тийет”,- дейт аз-Замил.
XS
SM
MD
LG