Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:43

Баткен облусунун көпчүлүк айылдарында таза суу менен камсыздоо өтө начар


БАТКЕН. Бул маселе айыл калкын таза суу менен камсыздоо боюнча республикалык департаменттин директору Кеңеш Мырзабеков, Азия Өнүктүрүү Банкынын өкүлү Хани Асфур, облус губернатору Мамат Айбалаев жана район акимдери, айыл өкмөт башчылары катышкан кеңешмеде талкууланды. Буга чейин облустагы 189 айылдын 130у Азия Өнүктүрүү Банкынын таза суу боюнча программасына киргизилген. Ошондой эле облус борборун таза суу менен камсыздоо маселесин чечиш үчүн Азия Өнүктүрүү Банкы жалпы наркы 50 млн. сомдук ири долбоорду колдоп жатат. Кеңешмеде банктын талабына ылайык бул нарктын элден жыйналчу 5% тез арада чогултуу зарылдыгы айтылды. Эгер бул долбоор ишке ашса, учурда таза суу таңсыктыгынан түйшүк тарткан Баткен шаарынын калкы 40 чакырымдай алыстыктан келген тоо суусуна карк болушмакчы.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Бакыт Аманбаев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG