Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:40

Кыргыз-өзбек чек арасынын маселелери боюнча облустук комиссия Өзбекстанга жөнөп кетти


ЖАЛАЛАБАД. Губернатордун орун басары Жаныбек Осмоналиев жетектеген облустук комиссиянын курамында жер менен кыймылсыз мүлктү каттоочу облустук борбордун жетекчиси Каныбек Ботобаев, ушул тармак боюнча Сузак, Ноокен, Алабука, Аксы райондорунун өкүлдөрү бар. Алар 29-марттан 1-апрелге чейин кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча өкмөт аралык паритеттик комиссиянын Анжиян облусунда өтүүчү иш-аракеттерине катышат. Каныбек Ботобаевдин маалыматы боюнча, Өзбекстан менен облустун 714 чакырымдык чек арасынын буга чейин 352 чакырымы делимитацияланган. Өзбекстан менен облустун чек арасында комиссиялар бир ымалага келүүчү 20 талаштуу же 150 чакырымдык жер бар. Паритеттик комиссиянын бул жолку олтурумунда негизинен Аксы, Алабука райондорундагы чек ара маселеси каралат.

XS
SM
MD
LG