Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:35

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин алдында Ирактагы согушка каршы пикет болду


БИШКЕК. Бүгүн АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин алдында Ирактагы согушка каршы пикет болду. Ага Кыргызстандагы укук коргоо кыймылынын жана башка бир катар коомдук уюмдардын он бешке жакын өкүлдөрү катышты. Пикетчилер «Биз согушка каршыбыз», «Ирактагы согуш тезинен токтотулсун», «Жорж Буш, адам укугун сакта» деген плакаттарды кармап турушту. Жарым сааттан соң пикетчилердин өкүлдөрүн АКШнын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Дебора Клепп кабыл алды. Элчинин өкүлүнө алар Ирактагы согушту токтотуу тууралуу АКШ Конгрессине кайрылууну тапшырышты.

XS
SM
MD
LG