Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:57

ЕврАзЭСтин ПАРЛАМЕНТ АРАЛЫК АССАМБЛЕЯСЫНЫН ТУРУКТУУ КОМИССИЯСЫ БИШКЕКТЕ ЖЫЙЫН КУРДУ


Бүгүн Бишкекте Евразия Экономикалык Шериктештик уюмуна кирген мамлекеттердин Парламент аралык ассамблеясынын социалдык жана гуманитардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын жыйыны болду.

Курамына беш мамлекет - Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирген Евразия Экономикалык Шериктештигинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын бул жолку жыйыны күн тартибиндеги 17 маселенин 16сын карады. Алардын арасында кары адамдар боюнча эл аралык мамлекеттик саясат принциптерин уюмдагы мамлекеттердин укуктук системасына киргизүү, эмгек рыногундагы жаштарга тиешелүү мыйзамдарды гармонизациялоо, керектөө минимуму жөнүндөгү типтүү мыйзам долбоорун даярдоо, уюмга кирген мамлекеттердин жарандарынын убактылуу эмгектениши тууралуу макулдашуу долбоору жана башка бир катар олуттуу маселелер каралды. Көп маселелер мурда бир-эки жолку талкуулангандыктан бир топ чечимдер тез кабыл алынды.

Кызуу талаш-тартышты жалпы эмгек рыногундагы жаштар саясаты жана жарандардын убактылуу эмгектенүүсү жөнүндөгү маселелер жаратты. Буга кыргыз депутаты Адахан Мадумаровдун:
- Биз көптөн бери, тактап айтканда, төрт жылдан бери башка өлкөлөрдө кул катары иштеп жүргөн жарандарыбыздын маселеси тууралуу айтып келе жатабыз. Андан майнап чыгып, бир нерсе жасалдыбы? - деген суроосу түрткү болду. Адахан Мадумаров буга Орусияда, Казакстанда жалданып иштеп жүргөн кыргыз жарандарынын укуктарынын өтө катуу басмырланып жаткандыгын мисалга келтирип, бул багыттагы мыйзамдарды бир калыпка салуу зарылдыгын белгиледи.

Орусиянын Федералдык жыйынынын социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Валентина Петренко эмгек миграциясы азыр уюмга кирген ар бир мамлекеттин баш оорусу экендигин баса белгилеп, буга эң ириде ЕврАзЭСтеги мамлекеттердин улуттук мыйзамдарында эмгек мигранттарынын укугунун басмырлагандыгы үчүн жумуш берүүчүлөрдү административдик же башка жазага тарта турган жоболордун жоктугу башкы себеп деп билдирди. Мындай мүчүлүштүктү жоюш үчүн ал эмгек миграциясы боюнча бардык мамлекеттердеги абалды иликтеген доклад даярдап, улуттук мыйзамдарга киргизүү зарыл деген сунуштарды да жазып, аны мамлекет башчылары жарандардын убактылуу эмгектенүүсү жөнүндөгү макулдашууну караган кезде тааныштырууну сунуш кылды.

Уюмдун аткаруу комитетинин өкүлү Роза Жалимбетова бул макулдашуунун долбоорун караган эксперттер «ал эрте даярдалган» деген бүтүмгө келишкендигин, демек макулдашуу мамлекет башчыларынын кароосуна жакын арада коюлбайт деген пикир бар экенин кабарлады. Бир топ талкуудан кийин комиссия мүчөлөрү макулдашуу мамлекет башчыларынын кароосуна 2004-жылдын экинчи кварталына жетпей коюлсун деп токтом кабыл алышты. «Мындай олуттуу маселелердин натыйжалуу чечилиши президенттерге байланыштуу, ошон үчүн парламентарийлер аларга катуу талап коюшу зарыл» деген да пикир айтылды. Ал тууралуу комиссиянын төрагалыгына жаңыдан шайланган кыргыз депутаты Өмүрбек Текебаев мындай деп билдирди:

- Биз түз таасир эте турган чечим кабыл ала албайбыз. Биз кызматташтыкка кирген мамлекеттердин парламенттерине жана интеграциялык комитет аркылуу алардын өкмөттөрүнө сунуш гана киргизишибиз мүмкүн. Акыркы чечимди ошол мамлекеттердин жетекчилери менен парламенттери кабыл алат.

Ушундан улам региондогу мамлекет башчыларынын саясатына таасир көрсөтө албаган көп сандаган уюмдарды түзүүнүн зарылдыгы барбы деген суроо туулат. Бул боюнча өз оюн ортого салган Казакстан парламентинин Межилисинин депутаты Абдыжалил Бакирдин ою боюнча, азыр бардык мамлекеттер натыйжалуу иштеген уюмдун моделин издеп жатат.

- Биздин байланыштарыбыздын тиешелүү натыйжа бербей жаткандыгы, биринчиден, ар бир мамлекеттин өзүнө байланыштуу. Бир келишимге келгенден кийин ар бир мамлекет өз алдына койгон максатына жетүүгө аракет кылып, өз милдетин аткарышы керек. Бүгүн бир уюм натыйжасыз иштеп койду деп, экинчи бир уюмду түзбөй койгонубуз да туура болбойт. Себеби, биз байланыштын ар кандай жолдорун издеп, дың бузуп атабыз. Анткени мурун мындай нерселерди билген эмеспиз. Демек биз изденүүнүн үстүндөбүз. Андыктан изденип атып ката кетиришибиз да мүмкүн. Кайсы бир күнү ийгиликке жетишибиз да ажеп эмес. Ошон үчүн уюмдардын ар кандай моделин издештире беришибиз керек. Ошол уюмдардын кайсынысы биз үчүн жакшы иштеп пайда алып келсе, ошого байырлап, калгандары өзүнөн-өзү турмушка жараксыз болуп калат деген ойдомун.

Жыйынтыктап айтканда, ЕврАзЭСтин Парламент аралык ассамблеясынын социалдык жана гуманитардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы Бишкекте караган маселелердин натыйжасын уюмга кирген өлкөлөрдүн калкы келерки, соңку жылдарда гана көрөт.

XS
SM
MD
LG