Ооганстандын түштүгүндө 29-мартта америкалык аскерлер буктурмага алынып, эки солдат курман болду жана дагы бирөө жарат алды. Оогастандагы америкалык аскерий жетекчиликтин айтымында, аскерлер Хелмат провинциясында күзөт жүргүзүп баратканда чабуулга дуушар болгон. Урузган провинциясында болсо азыр ооган аскерлери менен Талибан жоокерлери ортосунда салгылашуулар болуп жатат жана амеркиалык "Б-52" учактары талиб турумдарын бомбалоодо.