Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:37

Бишкек-Торугарт жолунда өрттөлгөн Кытайдын автобусу боюнча кылмыш ишин тергөө Нарында улантылууда


НАРЫН. 1-апрелде облустук ички иштер башкармалыгынан алынган маалымат боюнча, Нарын облусуна башкалаадан күч органдарынын атайын өкүлдөрү келишип, кытайлык ишкерлерди ташып бараткан автобустун кыйроого учурашынын себептерин дыкат текшерүүгө киришти. Бүгүнкү күнгө чейин такталган маалыматтарга караганда, өрттөлгөн автобустун ичинен «Калашников» автоматынын 22 огу табылган. Автобус менен кошо өрттөлгөн кытайлык 3 жарандын ким экендиги азырынча тактала элек жана мындай иштер Кытайдан жардамга келишкен адистер тарабынан аягына чыгарылат. Буга чейин кырсык болгон жерде Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлү болуп кайткан. Жергиликтүү журналисттерге ушул күнгө дейре кырсык болгон жерди көрүүгө мүмкүнчүлүк бериле элек.

XS
SM
MD
LG