Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:27

Түштүк Иракта турмуш акырындап өз жайына келе баштады


Атап айтканда, Умм-Каср портунда жана Зубайр шаарында тиричилик жанданып, күнүмдүк нугуна түштү. Бул тууралуу бүгүн британдык аскер контингентинин өкүлү капитан Эл Луквууд билдирди. Дүкөндөр ачылды, наабайканалар иштеп, мектептерде сабактар жанданды. Өткөн түнү Умм-Касрга электр жарыгы берилди, деп айтты британдык офицер. Ал эми Басрада болсо уруштар уланууда: британдык контингент шаардын борбордук бөлүгүн алганга умтулууда, ирак күчтөрү аларга жаалданып каршылык көрсөтүүдө.

XS
SM
MD
LG