Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:54

«Эксперт» агенттиги Ирак согушу боюнча социологиялык иликтөө өткөрдү


БИШКЕК. Кыргызстандагы «Эксперт» аттуу консалтинг агенттигинин сурамжылоосуна караганда, Бишкек менен Ош шаарынын Ирактагы согуш боюнча сурамжыланган тургундарынын 43% «согуш мунайдын айынан чыкты» деген пикирде. Маалыматка караганда, аталган шаарлардын 400 тургуну сурамжыланган. Алардын көбү «согушка мунай себеп болду» десе, 14% «АКШ согушка дүйнөдөгү өз кадырын бекемдеш үчүн барды» дешкен. Ал эми 6,5% «согушка кетчү чыгымды көбөйтүү менен АКШ экономикасын чыңдоонү көздөп жатат» деп, 5,5% «согушка мунайдын баасын басаңдатуу зарылдыгы себеп болду» деген ойлорун билдиришкен. Ал эми «Кошмо Штаттар Саддам Хусейндин тоталитардык бийлигин кулатууну чындап эле көздөп жатат» деген ойду сурамжылангандардын 9,5% гана колдогон. Алардын 45% согуш бир ай ичинде бүтөөрүнө ишенээрин билдиришкен.

XS
SM
MD
LG