Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:16

Талас районунун акиминин орун басары 2 миң сом айыпка жыгылды


ТАЛАС. Талас районундагы Орталык айылынын тургуну Мира Шайылдаеванын арызынын негизинде райондун акиминин орун басары Байрак Сейдибалиевдин үстүнөн Кылмыш-Жаза кодексинин 127, 128-беренелери боюнча кылмыш иши ачылган эле. Анткени акимдин орун басарына «массалык маалымат каражаттырында таратылган материалдарда Мира Шайылдаевага жалган жалаа жапкан жана аны элдин көзүнчө мазактаган» деген күнөө коюлган. Журналисттер тараткан материалдарды иликтөө учурунда акимдин орун басары арыз ээсинин үстүнөн ушак, жалган жалаа тараткандыгы боюнча доо аныкталган жок. Бирок, акимдин иш кабинетинде Б. Сейдибалиев М. Шайылдаеваны элдин көзүнчө мазактагандыгы анык болуп, жергиликтүү сот акимдин орун басарын 128-берененин негизинде айыптуу деп таап, 2 миң сом айыпка жыкты.

XS
SM
MD
LG