ЖАЛАЛАБАД. Бүгүн Акыйкатчынын Жалалабад облусундагы өкүлүнүн аты-жөнү дайын болду. Бул кызматка «Эркин Кыргызстан» партиясынын Ноокен районундагы өкүлү Кушназар Камытов дайындалды. Анын орун басары Бахадыр Ахмедовдон алынган маалыматка караганда, Акыйкатчынын төрт штаттык кызматкер иштей турган облустук кеңсеси үчүн орун изделип жатат.
Совет доорунда жогорку аскердик-медициналык окуу жайын аяктаган Кушназар Камытов Өзбекстанда аскер госпиталында иштеген соң, облустук мүлк фондун, «Мүрөк суу» акционердик коомун жетектеп келген.
Совет доорунда жогорку аскердик-медициналык окуу жайын аяктаган Кушназар Камытов Өзбекстанда аскер госпиталында иштеген соң, облустук мүлк фондун, «Мүрөк суу» акционердик коомун жетектеп келген.