Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:53

АКШнын аскердик жетекчилиги Саддам эл аралык аэропортунун атын Багдад эл аралык аэропорту деп өзгөрттү


Кошмо Штаттардын аскердик жетекчилиги муну менен режимдин дагы бир символун жок кылганын билдирет. Генерал Винцент Бруукс коалициялык аскерлердин Катардагы командачылыгынан аэропорттун жаңы аталышы "Ирактын келечегине карай жол ачат", деп билдирет. Генерал мындай деди:
- Америкалык армиянын бешинчи корпусу Багдаддын босогосунда чабуул койуп, шаардын түштүгүндөгү маанилүү секторлорду басып алышты. Чабуул таңкы үрүл-бүрүлгө чейин жүргүзүлүп, коалициялык күчтөр Багдаттын батыш тарабында жайгашкан аэропортту ээлеп алышты. Мурда Саддам деп аталган аэропорт эми Багдад Эл Аралык Аэропорту деп аталат, бул Ирактын келечегине карай ачылган жол.
Бруукс Багдадда Саддам Хусейнге берилген күчтөр дагы эле согушуп жатышканын, бирок Ирактын айланасындагы коргонуу тилкесин америкалык аскерлер жарып өтөөрүндө күмөн жок экенин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG