Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:26

Тышкы иштер министри «Общественный рейтинг» гезитин сотко берди


БИШКЕК. Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов жана ал жетектеген министрликтин үч кызматкери министрлик тууралуу авторунун аты жазылбаган тоголок катты Интернет-баракчасына жарыялагандыгы үчүн «Общественный рейтинг» гезитин сотко беришти. Доочулардын арызы Бишкектин Ленин райондук сотунда карала баштады. Бул тууралуу гезиттин адвокаты Шамарал Майчиев маалымдады. Анын айтымында, белгисиз бирөөлөр тарабынан жазылган маалыматты жарыялап, кадыр-баркына доо кетиргендиги үчүн Аскар Айтматов гезиттен 10 миллион сом, ал эми министрликтин башка үч кызматкери миллион сомдон моралдык чыгым төлөп берүүнү талап кылышууда.
Мындан бир ай мурда өздөрүн «мурдагы дипломаттар» деп атаган белгисиз бирөөлөр «Аскар Айтматов министр болгондон бери министрликте баш-аламандык орун алууда» деген мааниде тоголок кат жазып, жергиликтүү жана чет элдик маалымат каражаттарына таратышкан. Ал эми Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Лира Сабырованын айтымында, министр жана анын үч кызматкери мекеменин атынан эмес, жеке адам катары сотко кайрылып отурушат.

XS
SM
MD
LG