Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:20

Баткенде Айгүл тоо гүлү корукка алынды


Кызыл китепке киргизилген сейрек кездешүүчү ажайып бул гүлдү суук колдордон сактоо максатында токой кызматкерлери Карабулак айыл өкмөтү жана Сейитказы Эрматов атындагы орто мектеби биргелешип корук уюштурду. Мектеп мугалимдери, окуучулары жана токой кызматкерлери Айгүлташ тоосунун гүл өскөн жерлерине кезек-кезеги менен күзөткө турушуп, келген адамдардын гүлгө жасаган мамилесин көзөмөлгө алышмакчы. Ал эми гүлдү үзгөн адамдарга мыйзам негизинде акчалай айыптар салынат. Жалпы аянты 443 гектарды ээлеген Айгүлташ тоосу облус борборунан 20 чакырым алыстыктагы түштүк-чыгыш тарапта жайгашкан. Апрель айынын орто ченинде гүл ачкан Айгүл бир ай ичинде кайра гүлүн таштайт. Илимде Петилиум-Эдуарда деп аталган бул ажайып гүл дүйнөнүн 2-3 гана өлкөсүндө, анын ичинде Кыргызстандын Баткен облусунда өсөт.

Бишкектен кабарлар топтомун даярдагандар: Бурулкан Сарыгулова, Бакыт Аманбаев

Редактору Бекташ Шамшиев

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG