Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:29

Акаев Финляндияда Борбор Азия коопсуздугун козгоду


БИШКЕК. Кыргыз президенти Аскар Акаев кечээ кечинде Хелсинкиден Бишкекке кайтып келди. Бул тууралуу бүгүн президенттин маалымат кызматы кабарлады Эларалык террорчулардын жана трансулуттук уюшкан кылмышкерлердин куралчан топторунун кеңейип бараткан террористтик жана экстремисттик аракеттери олуттуу тынчсызданууну жаратууда. Мындай билдирүүнү президент Аскар Акаев Финляндияга иш сапарынын учурунда «Паасикиви» коомунда окуган докладында жасаган. «Регионалдык коопсуздукту бекемдөөдөгү Кыргызстандын ордуна» арналган докладында Акаев Борбор Азия геосаясий жана экономикалык көз караштан алганда, эл аралык мааниге көбүрөөк ээ болуп баратканын белгиледи. Ошондуктан, Борбор Азияда туруктуулукту сактоонун негизги шарттарынын бири - биргелешкен коопсуздук системасын өркүндөтүү экенин баса көрсөттү. Борбор Азиядагы аскерий-саясий жагдайды 4-апрелде болгон жолугушуу учурунда президент Финляндия парламентинин төрайымы Аннели Ятенмаки менен да талкуулаган.

XS
SM
MD
LG