Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:38

Пхеньян БУУнун Түндүк Кореянын өзөктүк программасына байланыштуу чыгара турган резолюциясына баш ийбей турганын билдирди


Бул туралуу маалымдаган Түндүк Корей расмий кабар агенттиги Корей жарым аралындагы өзөктүк программа Улуттар Уюмунда талкуулана турган маселе эмес, деп айтты. Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши региондогу өзөктүк проблеманы келерки шаршембиде талкуулаганы жатат. Түндүк Корея бул маселени АКШ менен түздөн-түз талкуулоону көздөйт. АКШ болсо Коопсуздук кеңешине кысым көрсөтүп, өзөктүк куралдарды таркатпоо келишимин сактабай жаткандыгы үчүн Түндүк Кореяны сынга алууну талап кылган.

XS
SM
MD
LG