Түркиянын тышкы иштер министри Абдуулла Гүл дипломаттарды эмне себептен чыгарып жатканын айтуудан баш тартып, тек гана алар дипломаттык миссияга жарашпаган жүрүм-туруму үчүн кетирилип жатканын билдирди. Гүл ошондой эле чечим Түркиянын чалгындоо кызматы жүргүзгөн иликтөөгө байланыштуу кабыл алынганын билдирди. Диломаттар келерки аптага чейин өлкөдөн чыгып кетүүгө тийиш.