Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:48

Күндүз кечке бомбаланган Багдадда азыр салыштырмалуу тынч


"Азаттыктын" Ирактагы кабарчысы америкалык аскерлер Багдадга толук көзөмөл орното электигин билдирди. Ал эми түштүктө британ аскерлери Басра шаарынын борборуна чабуул жасашты.
Америкалык генерал, Башкы Штабдын жетекчисинин орун басары Пейстин кечээ кечинде билдиришинче "Акыркы эки күндө биз "чопкуттуу чабуул" деп аталган техниканы колдонуп, Багдаддын каалаган жагына бара алаарыбызды көрсөттүк, бирок азырынча шаардын бардык аймагында аскер жайгаштыра элекпиз".
АКШнын Борбордук командачылыгы кечээ кечинде Багдаддын эл аралык аба бекетине алгачкы америкалык согуш учагы келип конгондугун билдирди. Аба бекети Багдаддан 20 чакырымдай түштүк-батышта жайгашкан.
Ошондой эле, АКШ командачылыгынын маалымат кызматы "Ирак бийликтери Багдадды коргоону күч алдырып, мечiттерди жана ооруканаларды коргонуу чебине айлантып жатышат" деп ырастады.
АКШ aрмиясынын 101-дивизиясынын өкүлү майор Хаф Кейттин сөзү боюнча, америкалык аскерлер эки күндөн берки айыгышкан урушта 400 чакты ирак аскерин жок кылып, Ирактын борбордук аймагындагы Кэрбэла шаарын каратып алды.
Ал эми түштүктө британ аскерлери 40 чакты танк менен Басра шаарынын борбордук ооданына басып кирди. Британиянын коргонуу министрлигине ылайык, кечээки чабуулда 3 британ аскери набыт болду. Согуш башталган 18 күн ичинде Британиянын жоготуусу 30 аскерди түздү.

XS
SM
MD
LG