Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:18

ЖАШТАРДЫ ТАРБИЯЛООНУН КӨЙГӨЙЛҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ


Мурат Кожобеков, Бишкек Бүгүн дүйнөдө глобалдашуу жүрүп, маданият аралашып, улуттук баалуулуктар жоголо баштады. Мындай шартта жаштарды тарбиялоо иши кандай болушу керек?

Бүгүнкү базар экономикасынын бардак шартында кыргыз эли, кыргыз коомчулугу оор сыноону баштан кечирип атат. Текши жумушсуздук кечээги турмуштан каниет алып, бардар оокатка башын бурган адамдарды көчөгө түртүп, рухий көрөңгөсү бөксө кишилер чөгүп, алды аракка берилип, бекерпоздук күч алды.

Кыргыз элинин кылымдап калыптанган каада-салты, маданий дөөлөтү совет доорундагы эксперименттин айынан чалдыбары чыгып, бүгүнкү базар шарында бардык баалуулуктарынан айрыла баштады.

Революцияга чейин, Совет заманынын башталгыч убагында кыргыз үй-бүлөсүндөгү тарбия иши карылардын энчисине бөлүнүп, алар тестиер балдарды өзүнүн жүрүм-туруму, өрнөктүү үлгүсү менен тарбиялап, өспүрүмдү накыл сөздөрдүн казынасына бөлөчү. Совет өкмөтүнүн өнүккөн мезгилинде жаштарды тарбиялоо иши үйдө жана бала бакчаларда жүргүзүлчү. Наристелер советтик идеологияда болсо да таң заардан кечке чейин ыр жаттап, оюн ойноп, айтор бош калчу эмес. Бүгүн кырдаал түп-тамырынан өзгөрдү. Бала бакчалар менчиктештирилип, кечээ эле түптөлүп, ал түгүл келечектүү максатты жүзөгө ашыра алчу система кыйроого учурады.

«Кыргыз эли 2200 жылдык тарыхы бар кылым карыткан эл» деп төш кагып, дүйнөгө дүң салганыбыз менен, азыркы абалыбызды аңдап, келечегибизге чабылып аткан балтаны ачык баамдашыбыз зарыл. Ал, биринчи кезекте, балдарды тарбиялоо маселеси!

Мындай көңүл өйүткөн проблемага өтөөрдөн мурда, адегенде, азыркы кыргыздарда жолго коюлган тарбиялоо түшүнүгү барбы деп суроо койгум келет. Мисалга алсак, Азия континентиндеги керемет жетишкендиктерди жараткан жапон калкы балдарды тарбиялоо жагынан да айрымаланат. Алты жашка чейин өспүрүмгө падышадай мамиле жасалып, ал эмнени кааласа ошол аткарылат. Жапондук наристе алты жашка келгенден тарта акыл-насаат менен кошо тарбия ала баштайт. Мында жапон калкынын кылымдап топтолгон маданий, рухий дөөлөттөрү пайдаланылып, наристе өз элинин тарыхын билген, каада-салтын сыйлаган инсандык баалуулуктарга бөлөнөт. Жапон элинин жаштарга жасаган мындай мамилесинин жана тарыхы менен маданий дөөлөттөрүн урматтагандыгынын аркасында, Жапон мамлекети Батыш цивилизациясы менен тең ата өнүгүп келатат.

Буга чейинки жана азыркы дүйнөлүк илим, маданият, искусство тармагындагы жетишкен ийгилиги жагынан еврей калкына эч ким тең келе албаса керек. Кыргыздар айтмакчы «алты саның аманда, артта жүрүш жаман да» дегендей, адамдын физиологиясы бирдей жаралган, элдердин ортосунда деле кескин айрымачылыктар жок. Анда эмне үчүн жогоруда айтылган тармактарда еврей элинин салымы зор? Балким анын сыры балдарды тарбиялоо жагдайында болуп жүрбөсүн? Чыны менен эле еврей үй-бүлөсүндөгү наристени тарбиялоо иши кыргыздардыкынан кескин айрымаланат. Еврей үй-бүлөсүндө бала - «башы-көзү чарпадай макулук» эмес, ал ата-энедей эле салмагы бар, айрым убакта аны жарык дүйнөгө алып келгендерден артыкчылыкка эгедер адам. Ооба, еврей наристесине тең ата адамдай мамиле жасалат. Жеткинчек жаштайынан эле үй-бүлөдөгү маселелерди чечүүгө катышып, ата-энеси болсо анын пикири менен эсептешпей коюшпайт. Ал түгүл, жеткинчектин ою, көз карашы колдоого алынып, ата-энеси ага өз алдынча ойлонууга багыт берет. Баланын ата-энеси аны колдоп, айтканын аткарып эле тим болбой, жеткинчекти «сен акылдуусуң, генийсиң» деп ишендирет. Мисалы, «Авраамчик, мындай ой сага кандайча келди, сен генийсиң» деп атасы айтып турса, бала кантип канат байлабай койсун? Ал чын эле мен акылдуумун деп ишенип баштайт.

Мындан тышкары еврей баласынын жалаң акылдуу адамдардын чөйрөсүндө болушуна аракет кылат. Жашы алтыга чыга элек өспүрүм архитектор, профессор, врач, композиторлордун арасында жүрүп эле тим болбой, алардын маегине аралашып, өз оюн билдирүүгө акылуу. Минтип алар адегенде баланын адам экендигине ишеним жаратышат. Жаш жеткинчек интеллектуалдардын чөйрөсүнө жуурулушуп, акыл, маданияттуулук эмне экенин билет, башкача айтканда, ал бала кезинен акылдуу болууга үйрөнөт.

Эми акыркы мисалды кыргыз үй-бүлөсүнө оодарып көрсөк. Кыргызга конок келсе баланын колуна конфет карматылып, адегенде «бар, ойноп кел» деген сөздү угат. Эгер жеткинчек ашыкча аракеттенип сөзгө аралашам десе, «эй, жубарымбек, бала деген баладай болчу эле, ооздон сөз талашпа» деген кагуу жейт.

Башка жагынан кыргыз үй-бүлөсүндөгү коноктоосу еврей калкынан кескин айрымаланат эмеспи. Өкүнүчтүүсү, соңку мезгилде ал арак ичип, бир мазмунда сүйлөнчү жадатма тостко айланды.

Убагында Калыгул көсөм жалаң тамакты сүйлөгөн же бири-бирин укпай, ооздон сөздү жулган үйгө түшпөй, накыл кеп козгоп, санжыргалуу сөз байырлаган айылга конгон экен. Ал сыңары мурда кыргыздар да акылды жогору баалаган, тарбия маселесине маани берип мамиле жасаган. Бирок азыркы кыргыздар балдарды тарбиялоо ишин арабөк ташташты. Көбүнесе, тарбия деп баланы зекип, матап, анын адамдык сапатын кордоо, басынтуу өнөкөткө айланып кетти. Мисалы, еврейге окшоп баланы көтөрмөлөп «сен акылдуусуң» дегендин ордуна «жетесиз, шүмшүк, мээси жок, макоо» деген басынтуучу сөздөр кыргыз үй-бүлөсүндө арбын колдонулат. Балдардын психологиясын изилдеген адистердин иликтөөлөрүнө ылайык, эгер жеткинчекти жаш кезинен «сен макоосуң» дей берсе, ал ошого көнөт экен. Кээде: «Биздин кыргыздын уландары уяң, орустардай эмне батымдуу эмес?» - деген сөздөрдү угуп каласың. Анын себеби да кыргыз элине кеңири тараган тарбия багытында жатат.

Бүгүн дүйнөдө глобалдашуу жүрүп, маданият аралышып, улуттук баалуулуктар жоголо баштады. Эгер кыргыз эли өзү жок, тарыхта аты эле калган этностордун катарына кошулгусу келбесе, балдарды тарбиялоо ишине маани коюп мамиле жасашы зарыл.

XS
SM
MD
LG