Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:03

Кыргызстандын Ысыккөл жана Казакстандын Алматы облустук ички иштер башкармалыктары кызматташууда


КАРАКОЛ. Облустук ички иштер башкармалыгы тараткан маалымат боюнча, анын башчысы Мукамбет Калыев кошуна Казакстандын Алмата облусунун, Жамбул жана Карасай аймактарынын тартип коргоо органдарынын кызматкерлери менен өз ара тажрыйба алмашып кайтты. Жолугушуулардын учурунда эки облустун ички иштер башкармалыктарынын ортосунда оперативдик иш-чаралардын атайын иш планы иштелди. Оперативдик иш-пландарга ылайык экономикалык кылмыштарды, мал уурулукка, баңгиликке байланыштуу иштерди биргелешип ачууга шарт түзүлөт. Өткөн жылдан берки кызматташтыктын натыйжасында Алмата облусунда болгон 12, Ысыккөл облусунда болгон 11 кылмыштын бети ачылган.

XS
SM
MD
LG