Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:57

Иракта АКШнын армиясы Багдаддагы позициясын бекемдеп жатат


АКШ аскерлери Ирактын баш калаасында ирак армиясынын чачыранды күчтөрүнүн чабуулунун мизин кайтарды. Ал эми шаарга чыгыштан кол салган жөө аскерлер "Рашид" аба бекетин басып алышты.
Пентагондо журналисттер үчүн өткөрүлгөн брифингде генерал-майор Стэнли МакКристал АКШнын Багдаддагы позициясын төмөнкүдөй мүнөздөдү:
- Коалиция аскерлери Багдаддын айланасында жана шаардын өзүндө турумун бир топ бекемдеп алышты жана шаарды сырткы дүйнөдөн бөлүп салуу аракетин улантышууда. Биз Багдадга эки-үч багыттан чабуул жасап, зарыл болгондо каршылык көрсөтүүнүн мизин кайтарып жатабыз.
Ирактын түндүгүндө америкалык учактар колдогон күрт күчтөрү аймактагы ири шаарларды көздөй жүрүшүн улантышууда. Ал эми түштүктөгү Басра шаарында британ аскерлери жаңы бийлик орнотууга аракет көрө башташты.

XS
SM
MD
LG