Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:52

Ош облусундагы Сарымогол аймагын Тажикстандан өткөрүп алуу иштери башталды


ОШ. Сарымогол аймагы Совет доорунда, тактап айтканда 1946-жылы Кыргызстандан Тажикстанга узак жылдык ижарага берилген. Кийин Сарымоголдогу Ош–Дарооткоргон жолунан алыс эмес аянтка мургаптык кыргыздар көчүп келип Сарымогол кыштагы пайда болгон. Үстүбүздөгү жылдын апрель айында мурун ижарага берилген Сарымогол аймагын Тажикстандан Кыргызстандын Алай районунун курамына өткөрүү иштери аткарылып бүтүш керек. Бүгүн бул иш Кыргызстан менен Тажикстандын расмий делегациялары тарабынан жеринде жүргүзүлө баштады. Кыргызстандын делегациясын вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов, Тажикстандын делегациясын ал өлкөнүн биринчи вице-премьер-министри Хожа Акбар Туражанзода жетектөөдө.

XS
SM
MD
LG