Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:22

ИРАКТЫК ТАРСАЛАРДЫН КӨЙГӨЙҮ


Ирак согушу башталгандан бери өлкөдөгү шийи мусулмандарынын, күрттөрдүн жана түрк элдеринин келечеги жөнүндө көп сөз болууда. Бирок негизги бөлүгүн ассириялыктар менен халдейлер түзгөн ирак тарсаларынын келечеги унутта калтырылгандай. Жалпы саны 1 миллиондон көп ирак тарсаларынын көйгөйлөрү кайсылар?

АКШ президенти Жорж Буш, Британиянын премьер-министри Тони Блэр жана Испаниянын өкмөт башчысы Хосе Мария Азнардын 16-мартта болгон кездешүүсүнөн кийин жарыяланган билдирүүдө: “Иракта жашаган бардык элдер: суннилер менен (шиит) арабдар, күрттөр, (түрк элдери), ассириялыктар менен халдейлер жана башкалар эркиндикте, жыргалчылыкта жана теңчиликте жашоосу шарт”, - деп айтылат.
Бирок Ирактагы жалпы кырдаал “1 миллиондон ашык ирак тарсаларынын келечеги кандай болот?”- деген тынчсызданууну жаратат.
Андай кооптонуунун себебин Лион шаарындагы католик университетинин окутуучусу Жозеф Якуб мындайча түшүндүрөт:

- Бул согуш батыш тарсалары менен чыгыш мусулмандары ортосундагы уруш катары кабыл алынышы мүмкүн болгондуктан, өзгөчө Ирактын тарса жамааты үчүн өтө коркунучтуу. Анын натыйжасында, ирактык тарсалар “бар балээнин себепчиси” катары курмандыкка чабылышы ыктымал.

Жозеф Якуб - этностук жана диний азчылыктар боюнча эксперт.

Иракта азыр 1 миллиондон көп тарса жашайт. Алардын көпчүлүгү ассириялыктар менен халдейлер. Арамей диалектинде сүйлөгөн бул эки этностук топтун теги байыркы Вавилон жана Ассирия дөөлөттөрүнө барып такалат. Саддамдын жакын жардамчысы жана вице-премьер-министр Тарык Азиздин теги халдей.
Ассириялыктар менен халдейлердин көпчүлүгү Багдаддын тегерек-четинде жашайт.
Так эмес маалыматтар боюнча, тарсалар Багдаддын 6 миллион чамасындагы калкынын он процентке жакынын түзөт.

1961-жылкы күрттөрдүн көтөрүлүшү жана 1980-88-жылдардагы Ирак-Иран согушу тушунда ассириялыктар менен халдейлердин чоң тобу чет өлкөлөргө көчүп кеткен. 90-жылдардын аяк чениндеги күрттөрдүн жааташтык согушу да эки элди өлкөдөн кетүүгө мажбур кылган. Саддамдын арабдаштыруу саясатынан да он миңдеген тарсалар жабыркаган.
Ушундай катаал тагдыр ирактык тарсалардын, өлкөдө көпчүлүктү түзгөн шииттер сыяктуу эле, Саддамдын режимине каршы согушка этият мамиле жасап: “Жаңы бийлик дагы эмне алып келет?” деп тынчсыздануусуна негиз болгон сындуу.

Франциядагы ассириялыктар менен халдейлер ассоциациясынын жетекчилеринин бири Наман Адлундун айтымында, француз жеринде баш паана тапкан качкын тарсалар АКШ башындагы коалициялык күчтөрдүн согушун бир кылка кабыл алышкан жок.

- Биз эки анжы пикирдебиз. Биз жалпы жонунан бул согушка каршыбыз жана анын мүмкүн болушунча тез бүтүшүн каалайбыз. Бирок, ошол эле учурда, Саддам кулатылса дейбиз... Иракка каршы уруштун жактоочулары согушту эркиндиктин баасы деп эсептешет. Эмне, чындап эле биздин эркиндигибиздин баасы ушунчалык кымбатпы? Согушту колдобогондор Саддам менен болгон эрегиш дипломатиялык жана тынчтык жолу менен жөндөлүүсүн эп көрүшөт.


АКШлык ырасмий адамдар менен Америкадагы ассириялыктар жамаатынын өкүлдөрүнүн ортосунда жакында болгон сүйлөшүүгө карабай, ирактык тарсалардын чоң тобунун Саддамдан кийинки өкмөттөгү орду белгисиз бойдон калууда.

Ирактын улуттук конгрессинин 13-16-декабрда Лондондо өткөн жыйыны да ассириялыктар менен халдейлер күткөндөй болбоду. Тескерисинче, жыйын алардын өз келечеги жөнүндөгү сарсанаа ойлорун ого бетер күчөттү дейт Жозеф Якуб.

- Оппозициядагы кээ бир шиит жана күрт топторунун кысымынан улам Лондондогу жыйынга сунуш кылынган конституциянын долбоорунда исламга Ирактын азыркы конституциясындагыга караганда да көп басым жасалган. Ирактын азыркы конституциясында ислам - мамлекеттик дин деп гана көрсөтүлгөн. Анда шариат - азыркы мыйзамдардын башатында жатат деп айтылган эмес... Лондондо сунуш кылынган долбоордо болсо, шариат - болочок мыйзамдардын булагы деп жазылган. Бул кооптонууну жаратары шексиз.
XS
SM
MD
LG