Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:22

Коалициялык күчтөр жана күрт отряддары Ирактын түндүгүндөгү мунай борбору саналган Киркук шаарын колго алышты


Бейшембиде таңга маал Багдаддагы мечиттин алдында ирактык жоокерлер менен салгылашта АКШнын бир деңиз аскери курман болуп, дагы 20дайы жараат алышты. Маалымат агенттиктери Багдаддын батыш райондорунда Саддамдын куралчан тарапкерлери коргонуп жатканын кабарлашты. Коалициялык күчтөр Саддамдын кичи мекени – Тикриттин тегерегин бомбалап, Ирактын түндүгүндөгү Мосул шаарынын жанында, батыштагы Ал-Кайм калаасында Саддамдын республикалык гвардиячылары менен уруштарын улантууда. Түркиянын премьер-министри Абдулла Гүл Анкара Ирактын түндүгүнө аскерий байкоочуларын жөнөтөөрүн жарыялады.

XS
SM
MD
LG