Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:05

Укук коргоо кыймылы АКШга карата Кыргызстандын макулдугун каалабайт


БИШКЕК. Кыргызстандагы Ганси авиабазасында жайгашкан антитеррордук күчтөрдүн курамындагы АКШнын аскер кызматчыларына карата кол тийбестикти камсыздоочу документке Кыргызстан макулдук бербеш керек. Мындай чечимди Кыргызстандагы укук коргоо кыймылынын аткаруу комитети бүгүнкү отурумунда кабыл алды. Кыймылдын төрагасы Турсунбек Акундун пикирине караганда, Эл аралык трибунал Бириккен Улуттар Уюмунун алдында болгондуктан, анын юридикалык кароосунан бир да мамлекет четте калбаш керек. АКШ өз аракети менен эл аралык трибуналдын алдындагы жоопкерчиликтен кутулуу аракетин жасап жатат.
Тактап койчу жагдай Тышкы иштер министри Аскар Айтматов 8-апрелде Иракка байланыштуу берген пресс-конференцияда АКШ аскер кызматчыларына байланышкан мындай сунуш Кошмо Штаттардан келгенин жана учурда ал кароодо экенин суроого ылайык төмөнкүчө билдирген:«Ооба, АКШ өкмөтү тарабынан мындай сунуш болгон. Биз азыр аны карап жатабыз».
Ал эми «Кыргызинфо» агенттигинин бүгүнкү маалыматына караганда, Эл аралык трибуналдын алдында Кыргызстандын аймагында жүргөн АКШ жарандарынын кол тийбестиги жөнүндөгү маселе Кыргыз өкмөтүнүн кароосунда турат.

XS
SM
MD
LG