Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:03

УКРАИНАНЫН КӨМҮР ӨНӨР ЖАЙЫНЫН КӨЙГӨЙЛӨРҮ


Украинанын көмүр өнөр жайы соңку жылдары өтө оор кезеңди баштан кечирүүдө. Кендерде тез-тез болгон түрдүү кырсыктын кесепетинен улам жумушчулар арасында өлүм-житим көп. Жыл башынан бери көмүр кендериндеги кырсык 40ка жакын адамдын өмүрүн алды. Адистер өндүрүштүк кырсыктын негизги себеби - тармактын жетерлик каржыланбай жатканында дешет.

Тобо, быйыл Украинанын көмүр кендериндеги абал өткөн жылдагыга салыштырмалуу бир кыйла жакшы дешет кенчилер өздөрү.

Жыл башынан бери “кара алтындын” мекени эсептелген Донбасстын кендеринде өндүрүштүк кырсыктан 40тай адамдын өмүрү кесилген.
Былтыр “Украина” кенинде метан газы жарылып, бир жайда 35 жумушчу өлгөн. 2001-жылы Донецк кенинде болгон бир жарылуу 55 үй-бүлөнү кара кийгизген. Соңку он жылда өлкөнүн көмүр кендеринде болгон кырсыктарда орточо эсептегенде жыл сайын 300гө жакын кенчи курман болгон.

Көмүр өнөр жай жумушчуларынын Донецк облустук кесиптик уюмунун башчысы Валерий Миллердин айтымында, өкмөт демейде кайсы бир чоң кырсыктан кийин тармакты реформалайбыз деп сөз берет да, кенчилер жоошуп, ый унутулгандан кийин кайра тынчып калат.
Миллер биздин радионун кабарчысы Асколд Крушелницки менен болгон маекте: ”Кырсыктын себеби: өкмөттүн коопсуздук чараларына каражатты өтө аз бөлгөнүндө”, - деп түшүндүрөт:

- Кайдан кырсык азайсын: жер астында жана жер үстүндө пайдаланылган өндүрүштүк шайман-жабдуулардын 90 процентти эскирип бүткөн жана аларды үлгүржү бойдон алмаштыруу керек. Шаймандар өз мөөнөтүн эбак иштеп бүткөндөн кийин, авариянын жана ар кандай кырсыктын көп болору табигый нерсе.

Жердин бетине жакын катмарда көмүр калбагандыктан, кенчилер жер астына 1 300 метрге чейин терең түшүп көмүр казышат. Тереңде аба ысык болгондуктан, зыяндуу газдар кичине топтолсо эле, жардыруу чыгат. Ал эми коркунучту алдын ала эскертчү жабдуулар жокко эсе. Бул да өндүрүштүк травманын бир булагы.

Совет заманында кенчилердин маянасы башка кесиптеги жумушчуларга караганда бир кыйла жогору болуп, алар турак үй менен биринчи кезекте камсыздалгандыктан, кенчи өтө сыйлуу кесип саналган.
Украинадагы кендердин көбү чыгашалуу болгону менен, коммунисттик түзүлүштүн артыкчылыгын даңазалоо максатында, өкмөт аларды жапкан эмес.

Өлкө 1991-жылы Москвадан күнкорсуздук алгандан кийин, Украина өкмөтү чыгашалуу кендердин көбүн жапты. Бирок, социалдык толкундоолордон кооптонгон өкмөт айрым кирешесиз ишканаларды жабууга даабады. Азыр иштетилип жаткан 197 кендин 190у өкмөттөн субсидия алат, алардын төрттөн үчү эч кандай киреше бербейт. Ушундан улам, жумушчулардын орточо айлык маянасы 150 доллардан ашпайт.

Көзкарандысыз кенчилер биримдигинин Донбас региону боюнча башчысы Николай Волынко “тармактагы оор абалдын башкы себеби: мамлекеттик бюджеттен көмүр өнөр жайына акчанын дээрлик бөлүнбөгөнүндө” деп санайт. Айтсак, 2003-жылы Украина өкмөтү көмүр өнөр жайы үчүн 2,8 миллиард гривна бөлгөн. Бул-тармакка зарыл акчанын теңинен бир аз гана көп. Ошон үчүн Волынко биздин кабарчыга мындай деп айткан:

- Биздин кесиптик биримдик бюджеттен акчанын мындай аз бөлүнгөнүнө өтө нааразы. Көмүр өнөр жайы үчүн 2,8 миллиард гривна өтө аз деп эсептейбиз. “Украина көмүрү” деген программага ылайык, тармакка кеминде 5,2 миллиард гривна чегерилиши шарт.


Гривна - Украинанын улуттук акчасы. Бир АКШ доллары орточо 5,2- 5,3 гривнага барабар.

Арийне, мамлекеттин ээлигиндеги көмүр өнөр жай тармагы үчүн казынадан бөлүнгөн акчанын кыскартылышы, көмүр казып алууга тескери таасир этти.
1990-жылы Украинада 165 миллион тонна көмүр өндүрүлгөн болсо, өткөн жылы 82 миллион тонна гана көмүр казып алынган.
XS
SM
MD
LG