Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:27

Түндүк Кореяга эл аралык текшерүүчүлөр келе албайт


Түштүк Кореянын президенти Но Му Хен бүгүн атайын билдирүү жасап, Түндүк Кореянын өзөктүк курал маселеси тынчтык ыкмалары менен чечилбесе, анын кесепеттери бүткүл дүйнө үчүн абдан оор болот деп жарыялады. Он жылдан бери токтоп турган өзөктүк ишканаларын Түндүк Корея өткөн октябр айында кайрадан иштете баштаган жана эл аралык коомчулуктун сынына көңүл бурбай келет. Пхеньян мурда - бул маселе боюнча Америка Кошмо Штаттары менен гана тикелей сүйлөшүү жүргүзүш керек деп келген, 12-апрелде болсо - маселени кеңири талкуулоого макулдугун берди. Бирок Пхеньяндын Борбордук сыналгысы аркылуу кечээ күнү жасалган жарыяга караганда, өлкөгө эл аралык текшерүүчүлөрдү киргизүү шермендечиликке барабар болот.

XS
SM
MD
LG