Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:48

Президент Буштун айтымында, Ирак согушу дагы уланат


АКШ президенти Жорж Буш 11-апрелде атайын билдирүү жасап, президент Саддам Хусейндин Ирактагы бийлиги бүткөндүгү тууралуу билдирди: "Саддам Хусейн кайда экенин мен билбейм. Ал тирүү же өлүк экенин да мен билбейм. Менин билгеним - анын бийлиги бүттү". 12-апрелде болсо Буш радио аркылуу чыгып сүйлөп: "Саддам Хусейндин Ирактагы зулум башкаруучулугу аяктады. Жакын арада Ирак эли өзүнө жаңы жетекчилерди тандап алат жана ал жетекчилер элдин укуктарын жана мүнөзүн урматтоого тийиш. Келечекте Ирак эли бүткүл дүйнө менен Америка Кошмо Штаттарынын достугуна арзыйт", - деп билдирди. Бирок президент Буштун айтымында, Ирактагы согуш - Америка Кошмо Штаттары өз максаттарынын баарына жетмейинче улана берет.

XS
SM
MD
LG