Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:10

Улуттук Банктын Ысыккөл облустук башкармалыгында кыргыз сомунун 10 жылдыгына карата көчмө көргөзмө-сынак башталды


КАРАКОЛ. Көчмө көргөзмө-сынак «Кыргызстандын тарыхы жана маданияты акча бирдигинде» аттуу теманы камтыды. Улуттук Банктын облустук башкармасынын башчысы Калмурат Кулубаевдин айтымында, бул иш-чара Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына карата Улуттук Банк тарабынан уюштурулуп, ал кыргыз сомуна 10 жыл толгондугуна байланыштуу ой-пикирлерди камтууга тийиш. Анткени кыргыз сомунун республиканын социалдык өнүгүшүнө жана финансылык маселелерди жөнгө салууда олуттуу таасири бар. Көчмө кароо-сынактын жыйынтыгы Каракол шаарындагы Ленин атындагы орто мектепте жыйынтыкталып, жеңүүчүлөргө атайын сыйлыктар ыйгарылат.

XS
SM
MD
LG