Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:19

Акыйкатчы Чолпонатадагы кургак учук ооруканасынын которулушуна каршы чыкты


БИШКЕК. «Чолпоната шаарындагы кургак учук дартын айыктыруу боюнча балдардын ооруканасынын имаратын менчиктештирүү аракетине каршымын жана андай иштерди токтотуу өтүнүчү менен президентке кайрылдым», - деп билдирди бүгүн Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу. Анын айтымында, «кургак учук ооруканасынын Чолпонатада жайгашуусу эс алуучулардын келүүсүнө терс таасирин тийгизип жатат» деген пикир туура эмес. Анткени оорукана Совет мезгилинде Чолпонатанын климаттык өзгөчөлүгүнө жараша курулган, анда кургак учуктун ачык түрү менен ооругандар дарыланбайт жана оорулуулар эс алуучулар менен байланышпайт. «Кургак учук ооруканасынын которулушуна анын дарыгерлери жана оорулуулар да каршы болууда», - дейт Турсунбай Бакир уулу. Акыйкатчынын айтымында, институт түзүлгөндөн бери ага элден 600дөй арыз түшүп, алардын көпчүлүгүнүн маселеси чечилди.

XS
SM
MD
LG