Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:04

КТРдагы реформа оң бааланууда


БИШКЕК. Кыргыз телерадиокомпаниясын (КТР) реформалоо боюнча анын президенти Токтобүбү Айтикееванын долбоору КТРге байкоо жүргүзүү боюнча коомдук кеңештин колдоосун тапты. Бул тууралуу ишемби күнү Коомдук кеңештин мүчөсү Кубан Мамбеталиев билдирди. Аталган долбоорго ылайык Кыргыз телерадиокомпаниясы коомдук башкаруу моделине өтүүгө, кадрларды алмаштырууга, берүүлөрүнүн формасы менен мазмунун өзгөртүүгө, саясий берүүлөрдөгү авторлордун субьективдүү көз караштарын жоюуга тийиш. «Бул долбоор ишке ашырыла баштады, анын натыйжасында КТРдеги кээ бир жетекчилер алмашылды жана кайра түзүүлөр жүрүп жатканы кеңеште маалымдалды», - деди Кубан Мамбеталиев. Улуттук телерадиокомпанияга байкоо жүргүзүү боюнча коомдук кеңеш президенттин жардыгы менен өткөн жылы сентябрь айында түзүлгөн. Анын 30га жакын мүчөсү бар. Кеңештин төрайымы - Борбордук Азиядагы Америка университетинин провосту Камиля Шаршекеева.

XS
SM
MD
LG