Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:31

БУУнун баш катчысы Кофи Аннан илгери үмүт менен жашайт


Афинада Евробиримдиктин жетекчилери БУУнун башкы катчысы Кофи Аннан менен кездешип, согуштан кийинки Ирактагы Улуттар Уюмунун ролун талкуулашты.
Кездешүү биримдиктин эки күндүк саммитинен тыш убакта өттү.
Аннан БУУнун учурдагы ролу беймаалым деп, бирок согуштан кийинки Иракта Улуттар Уюму негизги ролду ойнойт деген ишеничин билдирди.

- БУУ маанилүү роль ойной турганына мен ишенем. Келерки жумаларда маселе алга жылат жана БУУнун (Ирактагы) ролу такталат деген үмүттөмүн. Британ премьер-министри Блэр жана мен биз бардык башка лидерлер менен иштеше алабыз жана Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү алга жолду табат деген ишеничтебиз.

Ирактагы АКШлык жана коалициялык күчтөр Саддам Хусейндин режими кулатылгандан кийинки өлкөнү кайра курууга көңүл бурушууда.
Америкалык аскерлер Багдадда аскерий–жаран операциялардын борборун ачканын АКШнын командалык борбору кечээ куптандан кийин маалымдады. Борбор электр энергиясы, коомдук тартипти жана суу менен камсыздоо, санитардык эрежелерди сактоо жана медициналык тейлөө жаатында иш жүргүзөт.
Коргоо министри Доналд Рамсфелд аскерлердин азыркы милдети тууралуу мындай деп билдирди:

- Биздин күчтөрүбүз мурда кыйгап өтүлгөн майда шаар-кыштактарды режимдин ар кандай күчтөрүнүн калдыктарынан тазалоо үчүн артка кайтышууда. Саддам Хусейндин режими Ирактын ар бир булуң-бурчунда кулатылмайынча, биз бул аракетибизди токтотпойбуз.

Иракта саясый кайра куруу иштери да уланууда.
АКШнын арачылыгы астында өткөн кечээки жыйында, өлкөдөгү түрдүү жамааттардын өкүлдөрү 13 пункттан турган билдирүү кабыл алышты. Билдирүүдө Ирак болочок федералдык системанын лидерин өзү тандаш керек, Саддамдын Баас партиясы таркатылып, бардык саясый топтор ачыкка чыксын деп көрсөтүлөт.
Оппозициядагы шийиттер тобу АКШнын арачылыгына нааразылык иретинде жыйынга келген жок.

XS
SM
MD
LG