Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:12

ЕККУнун башкы комиссарынын Кыргызстандагы иш сапары аяктады


БИШКЕК. 15-апрелден бери Кыргызстанда иш сапары менен жүргөн Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун улуттук азчылыктар менен иштөө боюнча жогорку комиссары Рольф Экеусту бүгүн президент Аскар Акаев кабыл алды. Тараптар улуттук азчылыктарды интеграциялоо маселесин талкуулашты. Экеустун пикирине караганда, улуттардын ынтымагын бекемдеш жана ар кыл пикир келишпестиктерди болтурбаш үчүн билим берүүгө көңүл буруу зарыл. Мындан тышкары ЕККУнун өкүлү улут аралык ынтымакка жетишүү максатында программа иштеп чыгуу - Кыргызстанда азыр аткарыла турган башкы иштердин бири экенин белгиледи. Тараптар мындан тышкары Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Кыргызстанга берип жаткан экономикалык, саясий жана социалдык жардамдарына байланышкан маселелерди да талкуулашты. ЕККУнун жогорку комиссарынын иш сапары ушуну менен аяктады. Ал Кыргызстанда болгон кезинде, расмий жолугушуулардан тышкары, «Көп тилдүү билим берүү жана аз улуттар үчүн өз тилинде билим берүү» деген темада өткөн «тегерек үстөл» талкуусуна катышты. Талкуу швейцариялык СIМЕRА уюмунун демөөрчүлүгү менен Ош шаарында өттү.

XS
SM
MD
LG