Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:50

Чернобыль кырсыгында жабыр тарткан миңдеген кишилер бүгүн Киевде демонстрация өткөрүштү


1986-жылкы кырсыктан жабыркаган кишилер бүгүн украин өкмөтүнөн жабыркагандарга финансылык компенсация төлөп берүүнү жана социалдык жөлөк пулду көбөйтүүнү талап кылышты. Жабыркагандардын кызыкчылыктарын коргогон Украинанын Чернобыль Уюму бюджеттин пландаштырылган кыскартуусуна каршылык көрсөтүп жатышат. Акция Чернобыль кырсыгынын 17 жылдык кайгылуу мааркесинин алдында өткөрүлүп жатат. Чернобыл атомдук электростанциясында болгон кырсыктан чыккан радиактивдүү булут Украинанын, Орусиянын, Беларустун жана Түндүк Европанын көп аймактарын каптаган. Украина Чернобыл атомдук электростанциясынын акыркы реакторун 2000-жылы жапкан. Ан үчүн ал батыш өлкөлөрүнөн компенсация алмакчы.

XS
SM
MD
LG