Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:43

КДК президент Акаевге Эл Баатыры наамын берүүнү жактайбы?


Аскар Акаевге «Акшумкар» орденин жана Эл Баатыры наамын ыйгарууну сунуштаган чечимин Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн саясий кеңеши кабыл алды. «Заман Кыргызстан» гезити жума күнкү санында жарыялаган бул чечимге төрага орунбасары Аманбай Сатыбаев баш болгон партиянын төрт мүчөсү кол койгон. Мындай сунушту алар Аскар Акаевдин 13 жыл ичинде эл аралык деңгээлде жүргүзүп келаткан дипломатиялык саясаты менен байланыштырышкан. Ал эми ишемби күнү КДК төрагасы Виктор Черноморец бул чечим партиянын уставына кайчы келерин билдирди. Анын айтымында, устав боюнча партиянын түштүк аймагы көтөргөн мындай демилгеге байланышкан чечимге саясий кеңештин 16 мүчөсүнүн макулдугуна ылайык төрага кол коюшу керек. «Мындай сунуш саясий кеңеште талкууланган жок жана мен мындай сунушту колдогон эмесмин», - деп билдирди Виктор Черноморец.

XS
SM
MD
LG