Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:46

Кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиясынын жыйыны аяктады


Соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиясынын жыйыны 18-апрелдин кечинде аяктап, премьер- министр Николай Танаев башында турган делегация Бишкекке кайтып келди. 17-18-апрелде Москвада өткөн өкмөт аралык комиссиянын жыйынында энергетика, гуманитардык, соода-экономикалык багытта эки тараптуу кызматташуу өсүп-өнүгүп бараткандыгы белгиленип, аны андан ары улантуу маселеси каралды. Тараптар миграция багытында кызматташуу боюнча келишимге жетишти. Андай документке кыргыз тараптан тышкы иштер министринин орун басары Лидия Иманалиева, орус тараптан ички иштер министрлигинин миграция боюнча кызматынын жетекчилиги кол койду. Бул документ Россиядагы кыргыз эмгек мигранттарын укуктук жактан коргоого шарт түзөт. Бул тууралуу ишемби күнү өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты. Москвадагы сапар учурунда кыргыз өкмөт башчысы Россиянын «Газпром» АКсынын башчысы Алексей Миллер, энергетика министри Юсуфов, өнөр жай, илим жана технология министри Илья Клебанов менен жолугушкан.

XS
SM
MD
LG