Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:22

ӨЗГӨН РАЙОНУНДА ЖЕР КӨЧКҮ ЖҮРҮП, 38 АДАМ АЖАЛ ТАПТЫ


Кожогелди Култегин, Ош Нөшөрлөп жааган жаандан улам Өзгөн районунун Жалпакташ айыл өкмөтүндөгү Каратарык айылында жер көчкү жүрүп, 13 үйдү короо-жайы менен басып калган кырсыктан 38 адам каза болду.

Кыйракан 20-апрель күнү күндүзгү саат 3.30дарда болгон. Аны өз көзү менен көргөн Эшбаев Абдырай аксакалдын сөзү:

- Биринчиси секин жылды. Экинчиси катуу кетти, ошондо сезип, бир тайды айдаган бойдон чыгып кеттим.

Ата-энеси, үй-жайы көчкүдө калган Нуржанов Нурлан минтип томсорот:

- Үйдө чай ичтим. Апам «магнитофон коюп бер» дегенинен коюп бердим. Арстанбек экөөбүз кино көрүп отурат элек. Айнекти карап калдым. Карасам көчкү келатыптыр. «Арстан аке, жүрү» десем, «балам калды эле» деп издеп калды. Мен жүгүрүп чыгып кеттим. Аркамды карасам адамдар жок, экөөбүз эле калыптырбыз. Менин үйүмдө апам, атам, 3 үкам бар эле. 8 бир тууган элек, үчөөбүз калдык.

Сөгөт кыштакчасына жер көчкү түшөөрү эчактан бери эскертилип келгендигин Тажибаев Зулум баяндады:

- Көчкү болоору 1996-жылы катуу эскертилген. Сегиз үй-бүлөгө ссуда берилген. Бардыгына 16 миңден 24 миңге чейин акча берилген. Ошол жерде сегиз үй-бүлөдөн эки үй-бүлө көчүп, калгандарына ушул убака дейре канча эскертилди? Өздөрүнүн берген түшүнүк каттары топтолуп жатат. Канча жолу келип айттык. Жаан-чачын көп болуп атат, жети күн тынбай жаады. Акыркы күндөрү жаан жааганда эки депутат, айыл башчысы баарын топтоп алып сүйлөшкөн.

Эми жер көчкү астында калып кеткендер тууралуу маалыматтар:

Бурканова Мүкарамдын үйүнөн 6 киши, Кадырова Ирандыкы 5 киши, Кудайберов Арстандыкы 6 киши, Нуржанов Өзгөнбайдыкы 5 киши, Акылова Салийма балдары менен 4 киши, Бакиров Саркар аялы, неберелери менен, Бакыт Сыдыков 2 киши, Молдалиева Алтынай, Аскарова Гүлзат колундагы кызы менен, Кудайбердиева Күлсүн баласы, колундагы кызы менен, Таштанбекова Кулпунай, Жээнбаева Сурия, Молдалиева Сардан болуп, бардыгы 38 адам көчкүнүн алдында калды.

Кыйракан болгон жерге дүйшөмбү күнү премьер-министр Николай Танаев барып көңүл айтты.

Сөгөт кыштакчасындагы жер көчкүдөн 38 адам набыт кетип, алардын бешөөнүн гана жасаты табылды. 13 үй-жай дайын-оту менен жок. Жергиликтүү элдин айтымында, бийиктиги 20 метрлик теректер да көрүнбөй калган. Андыктан эң негизги маселе - өлгөн адамдардын сөөгүн толук табыш мүмкүн эмес экендиги моюнга алынды. Көчкүнүн чет-жака, үстү жактары адистер тарабынан изилденип, тереңдеги сөөктөр ошол бойдон калтырылып, куран окутула турган болду.

XS
SM
MD
LG