Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:28

Багдадда шийи мусулмандар өз лидерин бошотууну талап кылып, демонстрация өткөрүштү


Ирактын боштондук күчтөрү Вашингтондун "кара тизмесиндеги" Саддам Хусейнге жакын 55 адамдын ичинен дагы бирөө, Ирактын мурдагы премьер-министри жана Евфрат чөлкөмүндөгү аскер башчысы Мохаммед Хамза аз-Зубаиди кармалып, америкалык аскерлерге өткөрүлүп берилгенин билдиришти. Маалыматка караганда, Зубаиди мурдагы ирак жетекчилигинин ичинен колго түшкөн сегизинчи адам. Багдадда бүгүн миңдеген шийи мусулмандар көчөгө чыгып, АКШ тарабынан өзүлөрүнүн диний лидери Мохаммед ал-Фартуси камакка алынганына байланыштуу демонстрация өткөрүштү. Вашингтон азырынча ал диниятчынын абакка отургузулганын ырастай элек.

XS
SM
MD
LG